Ат-Башы райондук соту 12 жаштагы өгөй кызына карата сексуалдык зомбулук иштерин жасаган 37 жаштагы шектүүнү Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасында дарылануусуна чечим чыгарды. Бул туурасында Нарын облустук соту SUPER.KG сайтына билдирди.
Белгилүү болгондой, 1981-жылы туулган Ат-Башы айылынын тургуну К.К. аялынын мурдагы никесинен 2006-жылы төрөлгөн кызын күч колдонуп ыплас иш-аракеттерин жасап жүргөн. Окуя 2014-жылдын январь айынан 2017-жылдын 2-октябрь аралыгына чейин болгон. Кылмыш-иши 12 жаштагы кыздын окуя тууралуу өзү жазган катынын аркасында ачылган.
Мамлекеттик айыптоочу сотто айыпкер К.К.ны соттук психикалык экспертизанын жыйынтыгына таяп, кылмыш ишин кыскартууну жана айыпкерди мажбурлоо чарасы менен дарылатууну сураган. Мындан улам айыпкерди 2018-жылдын 16-мартынан тартта кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартып, шектүүнү Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканасына жайгаштырганга чейин камакта калтыруу боюнча токтом чыгарган.
Жабырлануучу кыздын апасы чыгарылган чечимге нааразы. Себеби 9 жыл жашаган жолдошунун акыл-эси кем, оорукчан болуп калганына ишенгиси келбейт.
"Мындан мурунку турмушумдан ушул зордук көргөн кызымды төрөгөм. Ал эки жашка чыкканда бул адамга турмушка чыккам. Биз 9 жыл жашап, эки балалуу болдук. Өткөн жылдын октябрь айында кайнатам неберем президентке кат жазыптыр, окуп көрчү деп колума карматты. Ал өзү деле окуган эмес окшойт. Оюмда эч нерсе жок катты ачып окуп, нес болуп туруп калдым. Катка кызым: "Президент сизден жардам сурайм, мага өгөй атам ыплас иштерди жасап келет. Зордуктайт, кордойт мен акыркы кездери чыдабай калдым, жардам бериңизчи", - деп жазыптыр. Кантип ушуну байкабай жүрдүм деп кызым келгенде кат таап алганымды, аны ким жазганын сурадым. Бирок ал коркуп эле, "мен жазган жокмун, бул менин кол жазмам эмес" деп айтты. Анан мен бул ишти мектептин соцпедагогу аркылуу чечүүнү туура көрүп, ага кайрылдым. Ал кызым менен өзүнчө сүйлөшкөндө атасы ушундай арам иштерин жасап жүргөнүн, "эгер апаңа айтсаң, өлтүрөм" деп коркутуп жүргөнүн айтып бериптир", - деди апасы.
Эненин айтымында, кызын дароо ооруканага алып барганда дарыгерлер анын санында көк ала тактар бар экенин, кийип жүргөн кийимдерин чогултуп алып келүүнү айткан. Мындан соң тийиштүү кийимдер экспертизага жөнөтүлгөн.
"Жолдошумду милиция кызматкерлери ошондо эле кармап кетип, тергөө иштери башталды. Кызды психологдорго алып бара баштадым. Бир жарым айдан кийин экспертизанын жыйынтыгы чыгып, ыплас иштер жолдошум тарабынан болуп келгени аныкталды. Анан менден тергөөчү жолдошуңуздун талма оорулары жок беле деп сурады. 9 жыл жашап минтип ооруганын билген эмесмин десем, жолдошуңуз ооруйт экен, Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасына дарыланууга жөнөтүлөт, эгер жыйынтыгы жакшы болсо, кайра кылмыш иши улантылып, тергөөнү баштай беребиз деди", - дейт кыздын апасы.
Ал ушул жылдын 16-мартында Ат-Башы райондук соту жолдошун психиатриялык ооруканага дарылануу боюнча чечим чыгарып койгонуна нааразы.
"Менин кызым көргөн сексуалдык мүнөздөгү ыплас иштерди башка балдар көрбөсүн. Мен 9 жыл жашап бир дагы жолу кем акыл экенин билбеген жолдошумдун оорулуу экенин тергөөчү кантип аныктап жатат. Бул жакта 12 жашка толо элек кыздын тагдыры менен ойноп жатышат. Жолдошума чыккан чечимди кызым менден жакшы түшүнүп, шаабайы сынып, түнү менен уктабай ыйлап чыкты. Себеби коркуп калган кызым бир күнү жолдошум келип алып, эмне кылып жиберет деген ой менен жашап калды. Кайра түнкүсүн уйкусу качып, чочуп ойгонуп жатат. Эми менин бир үмүтүм облустук сотко кайрылуу, алардын акыйкат чечимин күтүү", - деп сөзүн жыйынтыктады кыздын апасы.