КСДПчы депутат Музаффар Исаковдун иши сотко өттү

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Музаффар Исаковдун иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү органдары жана бажыдагы тергөө жана ыкчам иликтөө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Абай Молдокматов билдирди.

Эске салсак, 2017-жылдын 13-февралында башкы прокурор тарабынан Музаффар Исаковго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка ылайык, Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган. Ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана Мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген деп айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ask094
2018-03-30 13:23:44
Буларды камап эле койбой уй булолук мулкун конфискациялоо керек.
+5
Jelezo
2018-03-30 14:07:28
Кылмыш жоопкерчилигинин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу ишин кыскартып коюш үчүн ушул убака чейин сотко өткөрбөй кармап турушту да ал келесоого деле түшүнүктү
+3
altyn7776
2018-03-30 17:54:13
Жылдыз Мусабекова деген КСДПчы кургак чыгып кетти, качып журуп...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан