Украиналык ырчы Жамала жана анын жолдошу Бекир Сулейманов 27-мартта уулду болушту. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы жеке баракчасына: "Биздин кичинекей ханзада. Менин эң мыкты ырым. Эмир Рахман Сеит Бекир уулу", - деп билдирүү калтырган. Бирок наристесинин сүрөтүн жарыялаган эмес.
Ошентсе да ырчынын билдирүүсүнүн алдына күйөрмандары куттуктоо сөздөрүн, каалоо-тилектерин жазышкан.
Белгилей кетсек, Жамала Швециянын Стокгольм шаарында өткөн "Евровидение-2016" эл аралык ырлар сынагында Украинанын атынан барып "1944" ыры менен 1-орунду алган.
Жамала Кыргыз Республикасынын Ош шаарында 1983-жылы 27-августта төрөлгөн, анын чыныгы ысымы Сусана Жамаладинова. Кийин үй-бүлөсү менен Крымга көчүп кетишкен. Бала кезинен музыка менен алектенип, Украинада, Орусияда жана Европанын дагы башка өлкөлөрүндө ар кандай музыкалык сынактарга катышып келген. 2009-жылы Юрмалада жаштар арасында өткөн "Жаңы толкун" сынагынын жеңүүчүсү болгон. 2017-жылы 26-апрелде Бекир Сулеймановго турмушка чыккан.