Бишкекте унаа "Атом моделин" сүзүп, темирлеринин ортосуна такалып калды
Бишкек шаарындагы Чүй кең көчөсүндө жайгашкан "Планетарлык атом модели" архитектуралык композициясынын ичине бүгүн, 30-мартта автоунаа такалып калган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы эртең менен саат 6:00дөр чамасында орун алган.
"Унаа Чүй кең көчөсүнөн батышты көздөй бара жаткан. Улуттук илимдер академиясынын алдындагы архитектуралык композициясын сүзүп, ортосуна такалып калган. Бул жол кырсыгынан бир кыз жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча тергөө амалдары башталып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Айта кетсек, Улуттук илимдер академиясы менен Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын маңдайындагы композиция 2016-жылдын ноябрь айында ачылган. Ал композиция Союз учурунда илимди өнүктүрүү символу болуп эсептелинген. Курулуш Бишкек шаарынын мэриясы жана демөөрчүлөрдүн колдоосунда жүргүзүлгөнүн мэрия буга чейин маалымдаган.