Бишкек ШИИБи: "60 жаштагы жаранды өз уулу сабаган деп шектелүүдө. Ата уулу менен келинин элдештирүүнү каалаган"

Бишкек шаарында 60 жаштагы жаран ур-токмокко кабылып, 24-март күнү ооруканага оор абалда жеткирилген. Аталган факты боюнча учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын бүгүн, 30-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ур-токмокко кабылган жаранды өзүнүн уулу сабаган.

"24-март күнү арыз келип түшкөн. Бул факты боюнча соттук- медициналык экспертиза дайындалган. Кылмыш иши экспертизанын жыйынтыгынан көз каранды. Арызда атасы баласын таарынышып жүргөн келини менен элдештирүү максатында анын үйүнө келген учурда сабалганы жазылган. Конокко барган атасын мас абалда 35 жаштагы уулу досу менен ур-токмокко алганы жазылган", - дейт басма сөз кызматкери.

Айта кетсек, аталган окуя боюнча жабырлануучунун жакындары Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Baku88
2018-03-30 17:15:59
Атасын урган адам 2 дүйнөдө да кечирилбейт ата наалаты жаман
+13
karakulja
2018-03-30 17:25:44
Ата бул ыйык ата бул сыймык. Ушундай уул болоруну билгенде сени дубалга эле шыбап коймок илгери.
+17
Alinur
2018-03-30 17:34:41
Тообо кылдым оз атасын урганга кантип колу барды, атын очкур арактын кесепети да бул дагы
+9
Beks.Kasymov
2018-03-30 18:12:34
байкуш кээде атамын айтканын кыла албай калсам озумду куноонор сезип жаман болуп чыгам,бул акмак кантип колу барды десен?
+7
Ayida
2018-03-30 18:34:21
Длсуна балее барбы? Болушуп кой деп досун урбайбы кайра уяты жок
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан