Кечээ, 29-мартта Талас облусунун Манас районуна караштуу Жайылган айылында жайытка чагылган түшүп, 15тей кой өлгөн. Мындан сырткары жерди да оюп кеткендиги тууралуу жергиликтүү жашоочулар маалымдашты.
Маалыматка ылайык, кырсык саат 14:30 чамасында болгон. Чагылган койлорду күйгүзүп кеткен. Кырсыктан адамдар жабыркаган эмес.
Эске салсак, 2016-жылыдын 20-июнунда Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында чагылган жана селдин кесепетинен 120 кой-эчки өлгөн.
29-мартта өлкөнүн бардык аймагында жаан нөшөрлөп жааган. Мындан улам Ош шаарындагы айрым үйлөрдү суу каптаган.