Бишкек шаарындагы Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилиши тарапта мектеп окуучусу классташын травматикалык тапанча менен атып салды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек ШИИБинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.
"Бул окуя Бишкектеги мектептердин биринде бүгүн окуу учурунда болгон. Анда 8-класстагы окуучу бала саат 10:30 чамасында травматикалык тапанча менен ойноп жатып, этиятсыздыктан өзүнүн классташын атып салган.
Учурда окуучунун мектепке тапанчаны кандай максатта көтөрүп келгени боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Ал эми травматикалык тапанча окуучунун байкесине таандык болгон. Учурда байкесинин тапанчага бардык уруксат кагаздары бар экени аныкталды. Милиция иликтөө иштерин жүргүзүүдө", - деди Оморов.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова учурда жабыркаган 14 жаштагы мектеп окуучусу ооруканада дарыланып жатканын билдирди.
"Жабыркаган баланын абалы туруктуу. Ооруканада жатат. Травматикалык ок баланын көкүрөгүнө тийген. Биринчи хирургиялык дарылоо жасалды. Азыр абалы туруктуу", - деди Айгерчинова.