Жумгал районунун почтасынан 380 миң сом тоногондор кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, 2017-жылдын 18-январдан 19-январга караган түнү саат 01:00 чамасында Жумгал районунун Чаек айылында жайгашкан “Кыргыз Почтасы” мамлекеттик ишканасынын кароолчусун беткапчан 3 адам сабап, колу бутун скотч менен таңып, имараттын биринчи кабатында жайгашкан пенсия бөлүмүнүн иш бөлмөсүндө турган темир сейфтин ичиндеги 380 миң сом акча каражатын алып кетишкен.
Бул факт боюнча Жумгал Райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан каракчылык беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышкерлер издөөгө алынган. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары 23-март күнү Жумгал районунун Чаек айылынын 25 жаштагы К.Б. жана О.Н. аттуу жарандары колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда иликтөө иштери уланууда.