Экс-депутат Нурлан Сулаймановго каршы козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын экономикалык кылмыштарды тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Абай Молдокматов билдирди.
Анын айтымында, кылмыш иши Сулаймановдун издөөдө жүргөндүгүнө байланыштуу токтотулду. "Эгер кармалса иши сотто каралат", - деди Молдокматов.
Белгилей кетсек, 2014-жылы 23-апрелде Башкы прокуратура мурунку транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулаймановго Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык айыбы сыртынан угузулган. Маалыматтарга караганда, ошол жылы Октябрь райондук соту тарабынан Нурлан Сулаймановду камакка алуу боюнча чечим чыгарылып, ал издөөгө алынган. Нурлан Сулайманов транспорт жана байланыш министри болуп турган убагында мамлекетке 41 миллион 220 миң сом зыян келтирген деп айыпталып жаткан.