Өлкөдө 2018-жылдын алгачкы 2 айында өрт кырсыктарынан 25 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын алгачкы 2 айында жалпы 638 өрт кырсыгы катталып, келтирилген чыгымдын көлөмү 168 миллион сомдон ашкан. Тилсиз жоодон жалпы 25 адам каза болсо, алардын бири кичинекей бала болгон. Ошондой эле өрттөн 9 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.
Чүй облусунда тилсиз жоодон эң көп адам жабыр тарткан, анда 172 жолу өрт кырсыгы катталып, 11 адам каза болгон. Андан кийин эле Бишкек шаарында 134 өрт кырсыгы катталып, 4 адам каза болгон, Баткенде да тилсиз жоодон 4 адам каза болуп, 35 өрт кырсыгы болгон. Ал эми Ош облусунда 87 өрт кырсыгы катталып, адам өмүрүнө зыян келбесе, Жалал-Абад облусунда 85 өрт кырсыгы катталып, 3 адам каза болгон. Ысык-Көл облусунда болсо 65 өрт кырсыгы катталып, 3 адам каза болгон.