Бишкек шаарында 5-апрелде хоккей боюнча Өлкө чемпиондугунун жарым финалы старт алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков билдирди.
Анын айтымында, мелдеш шаардык муз тебүүчү аянта орун алып, 5-апрелден 8-апрелге чейин уланмакчы. 5-апрелде жарым финалдын алгачкы беттештери орун алса, 6-апрелде жарым финалдын жооптук беттештери өтмөкчү. Ал эми 8-апрелде финал жана 3-орун үчүн беттеш өтмөкчү.
Тайпалык баскычтын жыйынтыгында жарым финалга төмөнкү командалар аттанган:
"Ала-Тоо Дордой"
"Кеңеш"
"Кыргыз Темир жолу"
"Чолпон-Ата"
Беттештердин тизмеси:
5-апрель, жарым финал:
21:00 "Ала-Тоо Дордой" - "Кеңеш"
22:30 "Кыргыз Темир жолу" - "Чолпон-Ата"
6-апрель, жарым финал (жооптук беттештер):
21:00 "Ала-Тоо Дордой" - "Кеңеш"
22:30 "Кыргыз Темир жолу" - "Чолпон-Ата"
8-апрель
08:30 3-орун үчүн беттеш;
18:00 финал.