Чүй облусунун Жайыл районунда спирт ичимдиктерин ичип отуруп 29 жаштагы адамды сабап өлтүрүп коюшкан деген шек менен 2 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-февралда милицияга 29 жаштагы адам башынан алган жаракатынан улам каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Кийин иликтөө иштеринин натыйжасында ошол күнү ал теңтуштары менен спирттик ичимдиктерди ичип отуруп, жаңжалдаша кетип башынан оор жаракат алып, ошондон улам каза болгону белгилүү болгон. Бул факты боюнча 97-берене (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Натыйжада анын өлүмүнө шектелип, ошол күнү чогуу спирт ичимдиктерин ичкен 2 адам, 28 жаштагы А.З. жана 29 жаштагы К.К. аттуу жарандар кармалган. Алар кылмышты моюнуна алышып, көрсөтмө беришкен.