Кыргыз мушкери Орусияда өткөн эрежесиз уруш боюнча мелдеште 10 секунддун ичинде атаандашын нокаутка кетирди

Кыргыз мушкери Нурелес Айдаров Орусияда өткөн эрежесиз уруш боюнча "M-1 Challenge 90" аталышындагы мелдеште атаандашын 10 секундда жеңип алды.

57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Нурелес Айдаров орусиялык Олег Личковахи менен кез келген. Беттештин башында эле Кыргыз мушкери атаандашын нокаутка кетиргенге үлгүрдү. Айта кетсек, Нурелес Айдаров бул беттешке румыниялык Пол Марин жаракат алып калгандан улам чыккан.

Ошондой эле, 93 килограммга чейинки салмак ченинде дагы бир Кыргыз мушкер катышкан. Анда Абылкасым Якубов орусиялык Дмитрий Тебекин менен күч сынашты. Бирок, тилекке каршы калыстартын чечими менен жеңилүү ызасын тартты.

Эске салсак, 22-февралда "M-1 Challenge 88" аталышындагы мелдеште Кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу 66 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 3 раунддун жыйынтыгында орусиялык Максим Дивничтин үстүнөн жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Lutfulla
2018-03-31 21:32:01
Азаматсын ийгилик каалайм мынданда чон чон жеништерге жет.
+6
-Dybala-
2018-03-31 22:49:01
Атамбаев Кыргызстанга эртерак келгенинде олимпиадан алтын алмак экенбиз.
#Атамбаев Ош Баткен Жалал-Абад эли сени мененбиз!!!
-40
fora
2018-04-01 12:02:29
-Dybala-,атамбайын алты жыл карызга белченен батырганы азбы сага?
+9
Mamiev
2018-04-01 15:59:23
-Dybala-,оозунду жапчы Оштун атынан суйлобой озуно жооп берсен.Атамбаевти копчулук эле коргусу келбей турат
+4
Isco22
2018-04-02 02:10:31
-Dybala-,ошту кошпойле суйло. Озунун баткенини кошо бер
+1
Rusbek1987
2018-03-31 22:49:47
-Dybala-атамбаев деп тошуно жазып алып ак уйдун жанында ХХХХХХ ХХХХХ
+20
Rusbek1987
2018-03-31 22:50:37
Ошондо атамбайын сени эстээр бекен
+16
Toliksynchy
2018-03-31 23:17:20
Неге жамандап каргашып жазасынар кыргыз элим акыркы 15 мунотто super.kg порталына жок дегенде 15 мин адам кирет экен ошолордун алдында ушул кылыгынар туура эмес ал жаман коментаринер омур бою калат жазарда ойлонгулачы
-10
Alinur
2018-04-01 00:20:06
Жакшы жанылык, азаматсын кийинки оюундарына да ийгилик! Спорт жагынан жакшы эле жылыш бар, жылдын башынан эле олкобуздо
+8
almanbetperm
2018-04-01 08:59:31
Озгон району, Кызыл октября айыл окмоту, кочкор ата айылы.
+1
cholpon119966
2018-04-01 11:34:37
Азаматсынар спортчулар, Кыргыз элибизди ушундай жеништер менен эле кубантып журо бергиле. Алга!
+2
maks.kgz
2018-04-01 11:37:20
Так держать азаматсын жигит
+2
Fanatic
2018-04-01 15:43:07
Красавчик Нурелес алга ийгилик.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан