Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчулары жана машыктыруучулары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланат.
Маалыматка ылайык, Өлкө башчысы команданы 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтүүчү Азия кубогуна жолдомо жеңип алышы менен куттуктап, спортчуларга бул ийгилиги үчүн ыраазычылык билдирген.
"Бул чоң жетишкендик жана чоң ийгилик. Силер эң мыкты сапаттарыңарды көрсөттүңөр. Ар бириңерге кандай кыйын болгонун, тандоо этабы канчалык оор экенин билебиз жана дайыма күйөрман болобуз. Кыргыз курама командасы акыркы мезгилде ушундай жакшы оюнду бекеринен көрсөтпөгөнүн бүт дүйнөгө далилдедиңер. Бул татаал болду, бирок силер өзүңөрдүн эң мыкты сапаттарыңарды көрсөттүңөр", - деген Сооронбай Жээнбеков.
Президент футболчулар дагы, аларды маанилүү оюндарга даярдаган машыктыруучулары, спорт дарыгерлери дагы ыраазычылыкка татыктуу экенин белгиледи. Ал тарбиялануучуларына бүт жан-дилин, билимин, эмгегин жана тажрыйбасын жумшаган башкы машыктыруучу Александр Крестининдин өзгөчө салымын белгиледи.
"Силердин дүйнөнүн эң мыкты жүз командасынын катарына киргениңерге кубанычтабыз, биздин континенттин 47 командасынын ичинен 12-орундасыңар. Бул дагы кыска аралыктагы абдан чоң жетишкендик. "Силердей спортчуларыбыз көбүрөөк болсун. 2019-жылы да Азия чемпиондугунда татыктуу оюн көрсөтүп, байгелүү орунду ээлейсиңер деп ишенем. 330 миң калкы бар Исландия командасы Англияны утканы баарыбыздын эсибизде. Баарыбызга ушундай ийгилик каалайм. Кыргыздар сиздерден жаңы жеңиштерди күтүшөт", - деп Сооронбай Жээнбеков спортчуларга ийгиликтерди каалаган.
Президент футбол боюнча Кыргыз курама командасына 1 миллион сомго сертификат тапшырып, мамлекет спортчуларды ар дайым колдойт деп айткан.
Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин, Кыргыз Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов, Футбол федерациясынын биринчи вице-президенти Аскар Салымбеков жаңы ийгиликтерге жетишүү менен, Кыргыз өлкөсүндө футбол дагы бийик деңгээлге көтөрүлүп, спортчуларга карата талап да кыйла катуу боло баштаганын белгилешкен.