Кыргыз дзюдочулар Түркияда өтүүчү "Гран-При Анталия 2018" мелдешине катышат

Дзюдо боюнча Кыргыз курама командасы Түркияда өтүүчү "Гран-При Анталия 2018" мелдешине катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын вице-президенти Абай Молдоканов билдирди.

Анын айтымында, аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн машыктыруучулар Абдужалил Юнусов жана Сергей Мистрюковдун баштоосунда 11 спортчу катышмакчы. Алардын ичинде бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү бар.

"Гран-При Анталия 2018" мелдеши 6-8-апрель аралыгында өткөрүлмөкчү.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

Эркектер арасында:

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Отар Бестаев, Бекбоо Апышов;

66 килограммга чейинки салмак ченинде: Артур Тё, Алмаз Алтынбек уулу;

73 килограммга чейинки салмак ченинде: Бектур Рысмамбетов, Ишен Аманов;

81 килограммга чейинки салмак ченинде: Владимир Золоев;

100 килограммга чейинки салмак ченинде: Фарух Булеркулов;

100 килограммдан жогору салмак ченинде: Юрий Краковецкий, Бекболот Токтогонов;

Кыз-келиндер арасында:

57 килограммга чейинки салмак ченинде: Ксения Бельдягина;

Машыктыруучулар: Абдужалил Юнусов жана Сергей Мистрюков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан