Бүгүн, 31-мартта Грузиянын Тбилиси шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча "Tbilisi Grand Prix 2018" мелдешинде Кыргыз дзюдочу Владимир Золоев чейрек финалда жеңилүү ызасын тартып, медалдар үчүн күрөштү токтотту.
Владимир Золоев 81 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкө чыкты. Ал күрөштү 1/16 финалдык баскычтан баштап, алгач франциялык Жонатан Аллардон менен кез келди. Беттештин аягына 13 секунд калганда Владимир Золоев атаандашынын ыкмасына контр-чабуул жасап 1 упайга ээ болду. Муну менен беттеш аягына чыгып, ал жарым чейрек финалга өттү.
Жарым чейрек финалда Владимир Золоев грузиялык Коба Мчедлишвили менен күч сынашты. Беттештин жүрүшүндө ал атаандашын 1:0 эсебинде утуп келе жаткан. Бирок таймаштын соңуна 18 секунд калганда, Коба Мчедлишвили ыкма жасап, таза жеңиш менен утуп кетти.
Эске салсак, бүгүн дагы бир Кыргыз спортчу татамиге чыккан. Анда Адилет Ганиев, тилекке каршы, алгачкы беттешинде жеңилүү ызасын тартып калды.