Волейбол боюнча Кыргыз курамасынын капитаны Оңол Каныбек уулунун командасы Таиланддын Суперлигасынын алкагында финалдык баскычка өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы билдирди.
Бүгүн, 31-мартта Таиланддын Суперлигасынын жарым финалдык беттештери орун алды. Анда Оңол Каныбек уулунун "Эйр Форс" командасы "Накхон Ратчасима" командасы менен күч сынашты.
Беттеш 5 партияга созулуп, тайбрейкте "Эйр Форс" командасы 15:11 эсеби менен жеңишке жетип, финалга аттанды.
Ошондой эле Кыргыз курамасынын капитаны Оңол Каныбек уулу беттештин мыкты оюнчусу аталды.
Эми Суперлиганын финалында "Эйр Форс" командасы "Васакха" командасы менен беттешмекчи. Финалдык беттеш эртең, 1-апрелде орун алат.
Айта кетсек, волейбол боюнча Таиланд чемпиондугунун 2017-2018-жылдын жыйынтыгында 6 команда "Thai-Denmark Super League" мелдешине катышууга мүмкүнчүлүк алган, алардын ичинде Оңол Каныбек уулунун командасы "Эйр Форс" дагы болгон.
Эске салсак, Оңол Каныбек уулу командасы менен Таиланд чемпиондугунун күмүш медалдарынын ээси болгон.