Бүгүн Жалал-Абадда футбол боюнча өлкөнүн Суперкубогу орун алат

Бүгүн, 1-апрелде Жалал-Абад шаарында футбол боюнча Суперкубогу орун алат. Анда 2017-жылкы Топ-Лиганын жеңүүчүсү "Алай" футболдук клубу менен Өлкө кубогунун жеңүүчүсү "Дордой" футболдук клубу кез келет.

Беттеш Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадионунда орун алып, саат 15:00дө старт алмакчы. Беттештин башкы калысы Дмитрий Машенцев болот. Анын жардамчылары катары Исмаилжан Талипжанов жана Хусан Жалалдинов болушмакчы. Ал эми резервдеги рефери кызматын Эрлан Осмонов аркалайт.

Суперкубок-2018

"Алай" (Ош) - "Дордой" (Бишкек);

Стадион: "Курманбек", Жалал-Абад шаары;

Калыс: Дмитрий Машенцев (Ош);

Беттештин башталышы: 15:00

Суперкубоктун бардык жеңүүчүлөрү:

2011 - "Нефтчи"

2012 - "Дордой"

2013 - "Дордой"

2014 - "Дордой"

2015 – Өткөрүлгөн эмес

2016 - "Абдыш-Ата"

2017 - "Алай"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sabette
2018-04-01 09:58:57
Футболду онуктургуло толька жениш
+1
manaas
2018-04-01 11:43:23
Алай чемпион. Алай дордойду жон эле женип алат. Алай дордойду 5-0го женет.
+3
King_Messi
2018-04-01 13:05:30
Алай женет !!!!
+2
Ernic
2018-04-01 17:18:04
Вай силердин Алайынар Дордойго окшоп 9 жолу чемпион болсо. Бутунар жерге тийбей калмак экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан