Кечээ, 31-мартта Футзал боюнча Өлкө биринчилиги - Суперлиганын жарым финалынын алгачкы беттеши орун алды. Анда Бишкектин "Алга" жана "Фарватер" командалары кез келишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдиришти.
"Алай" спорт комплексинде орун алган беттеш 3:2 эсебинде "Алганын" жеңиши менен жыйынтыкталды.
Оюндун алгачкы таймында командалар гол киргизе албай, 0:0 эсеби менен тыныгууга тарашты. 2-таймдын 27-мүнөтүндө "Алганын" оюнчулары эсеп санын ачышса, бир мүнөт өтпөй "Фарватер" жооптук гол киргизип эсепти 1:1 кылды. 30-мүнөттө Адилет Иманбеков кайрадан командасын алдыга чыгарса, 38-мүнөттө Мирлан Абдыкадыров эсепти 2:2 кылганга үлгүрдү. Бир мүнөттөн кийин "Алганын" оюнчусу Файзали Сардоров атаандашынын дарбазасын багындырып, командасына жеңишти алып келди.
Эки команданын жооптук беттеши 7-апрелде Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) орун алат.
Ал эми бүгүн, 1-апрелде Чолпон-Ата шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) ысык-көлдүк "Мурас" командасы "EREM" командасын кабыл алат. Беттештин башталышы саат 14:00дө.