"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ала-Букада жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 4 адам жаракат алган

Ала-Букада жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 4 адам ооруканага түшкөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

"Жол кырсыгы кечээ, 31-мартта саат 16:30дар чамасында Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылында болгон. Анда 1988-жылы туулган М.Ж. аттуу адам Hyundai Starex үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып башкара албай калып жол кырсыгына учураган. Натыйжада жүргүнчү болуп бара жаткан 27 жаштагы С.Т. аттуу адам ооруканага жетпей каза болгон. Андан сырткары дагы 4 адам ар кандай жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген", - дейт Айбек Сатыбалдиев.

Айта кетсек, буга чейин окурман "Элдик кабарга" Ала-Букада жол кырсыгынан 1 адам каза болгонун билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан