"Бүгүн кыздуу болдук. Кызыгы "1-апрель" деп эле сүйүнчүлөгөн жакындарым ишенбей жатат", - деди ырчы Айнура Салахидинова SUPER.KG`ге жооп берип жатып. Белгилүү ырчы бүгүн, 1-апрелге туш келген үй-бүлөсүнүн жана өзүнүн кубанычы менен бөлүштү.
"Бүгүн эртең менен саат 10:45тер чамасында көз жардым. Кызымдын абалы жакшы, азыр өзүмдү абдан жакшы сезип жатам. Жолдошум да толкунданып, кубанычы коюнуна батпай жүргөн чак. Кызыбызга жолдошум ысым берет, азырынча аны бизге айта элек", - деди Салахидинова.
Ырчы Айнура Салахидинова эки уулду тарбиялап келсе, эми алардын катарын жарык дүйнөгө келген кызы да толуктады.