ЭЛДИК КАБАР: Орусияда Кыргыз жарандары бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылып, 8 адам жаракат алды

Орусияда Кыргыз жарандары бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына окурман билдирди.

Анын билдириши боюнча унаадагы жарандар Москвадан Казакстанга зарыл болгон документтерди даярдоо үчүн кирип чыгууга бараткан. Ал эми кырсыкка кабылган Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа Баткен облусуна тийиштүү мамлекеттик номерде болгон.

Ал эми орусиялык басылмалар жол кырсыгы Рязань облусунун Шацк районунда болуп, анда 8 Кыргыз жараны жаракат алганын жазышууда. Маалыматка ылайык, айдоочу уктап кетип унаа жол четиндеги электр мамысын сүзгөн.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Medina87
2018-04-01 18:54:53
Айдоочулар жолго бет алаарда оздорун гана эмес жургунчулорун да ойлошуп жоопкерчилик алышса жакшы болмок.
Аман калышыптыр Кудайга шугур!
Батыраак жарааттарынан айыгып тилеген максаттарына жетишсин!!
+9
Nazima09
2018-04-01 19:31:50
Ушул кирди чыкты кылабыз деп канча адамдар набыт болду кудай озун сакта бала чака ата энебизге эсен баралычы
+11
Busurman
2018-04-01 20:17:12
Айдоочу Баткенден Бужум айылынан экен
+4
Krai
2018-04-01 20:30:27
Кудай сактасын биз да красноярск шаарынан казакстанга кирди чыктыга коп каттайбыз
+3
Luna15
2018-04-02 05:25:38
Krai,эмне учун кирип чыгасыздар,жумуштан договор бербейби?Сураганым,азыр кыргыздарга женил болуп калдыго 1жыл прописка жасатып алып журо бергенге уруксаат болуп
0
tursunbaev78
2018-04-02 11:58:50
Luna15,Россияга киргенден кийин,эки жылдан кийин границадан өтүп келишиң керек мыйзам боюнча
0
nemo2016
2018-04-01 23:56:43
Ооо Аллах баары Аман эсен болсунчу суранам Аллахым
+1
Brokg89
2018-04-02 00:52:34
Кайтыш болгондор бар экен видеосун кордум!!!жаман болуптур!
0
baku24
2018-04-02 01:24:49
Иий кудайым жаман иш болуптур колдору узулуп кетиптир.видеосун кордук олгондор да бар окшойт
+1
stepboy
2018-04-02 01:38:17
Бирөөсүнүн колу үзүлүп кетиптир го мен көрдүм видеосун
0
baku24
2018-04-02 01:45:04
Бут жанылыктарды карап чыктым олгондор жок экен кудайга шугур. 3 абалы оор экен
+1
bakulya2015
2018-04-02 02:19:48
Кудай сактап баары аман калса экен. Аты жондору ким экен?
0
albinochka2015
2018-04-02 03:23:09
Оа бар экен олгогдор
0
eddi.
2018-04-02 07:30:43
Степ дагы деле степ
0
travm
2018-04-02 10:39:59
Урматтуу айдоочулар сиздерге эркертуу аз болсода ээс алып уктап, (акча эле дебестен) анан тез эмес астан айдасанар жана рулда суйлошбогулочу телефон менен!!!
0
umar.kgz
2018-04-02 13:37:44
Ватсаптан видеосу келди...биронун колу жатат го...
0
Rusbek1987
2018-04-03 01:17:09
Булар кечке киши толтуруп турушат да кеч киргенде уктабай жолго чыгышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан