Орусияда "Ника" киносыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Кечээ, 1-апрелде Орусиянын борборунда белгилүү "Ника" киносыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, орустардын "Аритмия" тасмасы "Эң мыкты фильм", "Мыкты режиссёрдук иш", "Актёрдун мыкты ролу", "Актрисанын мыкты ролу" наамдарын жеңип кеткен. "Мыкты оператордук иш" наамы "Салют-7" тасмасына ыйгарылса, "Экинчи пландагы мыкты актриса" "Большой" тасмасындагы актриса Алиса Фрейндлихке буюрган. Ал эми "КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" сыйлыгы Грузиянын "Кресло" фильмине тапшырылган. Белгилей кетсек, аталган наамга Кыргыздын "Кентавр" тасмасы да көрсөтүлгөн.

Айта кетсек, Орусиянын улуттук "Ника" сыйлыгы 1987-жылы негизделип, кино жаатындагы мыктыларга ыйгарылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rubin
2018-04-02 09:11:41
Где фото?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан