Бишкек шаарында кумар оюндарын ойнотуп келген батир аныкталды. Батирде "Покер" оюну ойнотулуп жүргөнүн бүгүн, 2-апрелде SUPER.KG порталына Мамлекеттик экономикалык кылмыштуулукка каршы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 27-март күнү батир тинтүүгө алынган.
"Кумар оюндары борбор калаанын Токтогул көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батиринде ойнотулуп келген. Батир ижарага алынганбы же өздөрүнүн батириби учурда такталууда. Бирок бул оюнду уюштуруп келгендер ар аймакка көчүп ойноп жүргөнү айтылууда. Бул боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө иши башталды. Тергөө ишинин кызыкчылыгына байланыштуу маалыматтар жашыруун болууда. Батир тинтүүгө алынганда "Покер" оюнуна таандык жабдуулар табылган. Батирде 15ке жакын жаран, тактап айтканда, оюнчу болгон. Аларды атайын дилер ойнотуп жаткан", - дейт басма сөз кызматы.
Айта кетсек, буга чейин Кыргыз өлкөсүндө кумар оюндарына тыюу салынган. Бирок ага карабай өлкө аймагында курмарканалар жашыруун ишмердүүлүгүн жүргүзүп келгенин аталган жайлардан акча уттурган жарандар айтып келишет. Тимур аттуу жаран Бишкектеги жашыруун кумарканадан 500 миң сом уттуруп жибергенин SUPER.KG порталына билдирген.