SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу белгилүү актриса жана теле алып баруучу Назира Бердигулова.
Актриса "Мен сүйгөн карагат", "Кандуу сүйүү-2", "Мезгил жана Алыкул", "Президент жана бомж" сыяктуу бир канча тасмаларга тартылган. Ошондой эле бир канча телеканалдарда алып баруучулук кызматты аркалаган.
Назира Бердигулова үй-бүлөлүү. Учурда Шахиризада жана Нурислам деген уул-кыздын энеси.
Ар дайым коомчулуктун назарында болуп, ар бир айткан сөзү жана маектери кызуу талкууга алынган актрисага арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып да жооп алсаңыздар болот. Назира Бердигулова сиздин суроолорго 4-апрель күнү саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын Түз эфиринде жооп берет.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.