Акыркы мүнөттө киргизген гол Оштун "EREM" командасына жеңиш алып келди

Кечээ, 1-апрелде Футзал боюнча Өлкө биринчилиги - Суперлигасынын алкагында "EREM" командасы конокто Ысык-Көлдүн "Мурас" командасын жеңип алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдиришти.

Чолпон-Ата шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде орун алган беттеште 2:1 эсеби катталып, "EREM" командасынын жеңиши менен аяктады. Эсеп санын 2-мүнөттө "Мурастын" оюнчулары ачты, анда Жонатан Кампостун соккусу таамай болуп, эсеп 1:0 болду. Буга "EREM" командасы Манас Абдрасул уулунун голу менен жооп берди. Муну менен командалар 1:1 эсебин өзгөртүүгө бир аракет жасады, бирок таамай боло албай, эсеп акыркы мүнөткө чейин сакталып турду. 40-мүнөттө Улан Байгазы уулу гол киргизүүгө келген мүмкүнчүлүк менен колдонуп, эсепти 1:2 кылып кетти.

Айта кетсек, Улан Байгазы уулу беттештин мыкты оюнчусу аталды.

Эки команданын жооптук беттеши 7-апрелде Бишкек шаарында Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
manaas
2018-04-02 13:15:45
Алга Ош! Футзалдан дагы, футболдон дагы чемпион болду. Оштуктардан спортту эчким талаша албайт.
+8
aIways-here
2018-04-02 13:45:53
manaas, Кимдин ким экени билиниптирби?
+5
Azat.97
2018-04-02 15:20:37
manaas,дордой чемпион болуп жургондо каякта эленер?
-4
Floweriza
2018-04-02 13:24:41
Молодцы
+4
Melitta-24
2018-04-02 22:17:23
Азаматсыздар..!!мындан ары дагы ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан