Тони Фергюсон менен Хабиб Нурмагомедовдун беттеши 4-ирет жылдырылды. Эми чемпиондук кур үчүн Нурмагомедов менен Макс Холлоуэй беттешет

Эрежесиз уруш боюнча UFC уюмунун жеңил салмак чениндеги чемпиондук кур үчүн Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттеши 4-ирет жылдырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 7-апрелде орун ала турган "UFC 223" мелдешинин негизги беттеши Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун ортосунда болмок. Анда мушкерлер жеңил салмак чениндеги чемпиондук кур үчүн беттешмек. Бирок Тони Фергюсондун жаракат алып калганына байланыштуу чемпиондук кур үчүн Хабиб Нурмагомедов менен Макс Холлоуэй беттешмекчи.

Айта кетсек, Макс Холлоуэй UFC'нин жарым жеңил салмак чениндеги чемпиондук курдун ээси. Ал профессионалдык карьерасында 22 беттеш өткөрүп, 19 беттеште жеңишке жетип, 3 беттеште жеңилүү ызасын тарткан.

Ал эми Хабиб Нурмагомедов профессионалдык карьерасында 25 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен.

Эске салсак, Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттеши 4-жолу жылдырылууда. Буга чейин мушкерлердин беттеши 2015-жылы, 2016-жылы жана 2017-жылы уюштурулган, бирок анда Нурмагомедов же Фергюсон жаракат алгандан улам беттеш өткөрүлгөн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
dosym
2018-04-02 14:18:58
Не деген жаңылык бул,
+4
Zidan1
2018-04-02 14:21:04
Жакпады
-2
kechirmeni
2018-04-02 14:21:38
Же урушпады же койбоду
+8
jengoo
2018-04-02 14:26:12
Бой болот, 1- апрель.
-5
expert.007
2018-04-02 14:44:32
jengoo,Бүгүн 2 - апрел.
+3
Isco22
2018-04-02 20:50:03
expert.007,7синде болот
0
Dembele84
2018-04-02 14:51:12
Тойгозду ушу экоо,ушунча убакыт кутуп жакындаганда дайыма бир шылтоо чыгып
+6
ekaterinburg
2018-04-02 15:11:27
Ушулар куп жинге тийишти да!Куттуруп куттуруп,болоюн дегенде жылды деп коет.
+4
pixduel1
2018-04-02 15:56:11
Бул 1-апрельге тамаша катары элдин конулун буруш учун болгонун официально айтыштыго.Бизде 1-апрель болгондо Америкада тун болгон эрте менен алар тамашаны жазганда бизде уже 2-апрель))
+2
al-abu-kinesz
2018-04-02 16:19:00
Тони ото катуу тренировка кылып атып жаракат алып алды окшойт да
0
Nurkan94
2018-04-02 18:07:15
Ошондо тамаша болдубу? Бой болобу 7-апрельде? билгендер болсо болушуп койсонор... Жинге тийбей бой болсун, каанча болду кутконубузго ээ
+1
kiana
2018-04-02 18:32:16
Бой болот кабатыр болуунун кереги жок.
0
ALMAAAN
2018-04-03 04:33:32
Тони менен түшпөйт экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан