Бишкектеги үлпөт тойдон кийин тамак-ашка массалык түрдө уулануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, массалык уулануу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 256 жана 258-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
"Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси (санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) жана 258-берене (коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталды" , - деп басма сөз кызматынан билдиришти.
Айта кетсек, буга чейин Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанындагы тойдон массалык уулануу катталган. Анда өлкө аймагы боюнча 173 жаран уулануу симптому менен медициналык жардам сурап кайрылганы кабарланган. Катталган окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн "Ала-Тоо" рестораны убактылуу жабылган.