Ошто подполковникти өлтүргөнүн моюнуна алдыруу үчүн кош бойлуу аялды кыйнашкан деп 3 милиция кызматкерине кылмыш иши козголду

Ош ШИИББинин 3 кызматкерине кош бойлуу аялды сурак учурунда кыйноого алган деп кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы март айында Ош ШИИБинин 3 кызматкери Н.Р. аттуу аялды подполковник Таирбек Уларовдун өлүмүнө тиешеси бар экенин моюнуна алуусун талап кылып, кыйноого алышкан. Ошол учурда анын боюнда бар экени да милиция кызматкерлерин токтото алган эмес.

"Прокуратура тарабынан иликтөө учурунда экспертизалар дайындалып, жабырлануучунун моралдык зыян тартканы, анын натыйжасында боюнан түшүп калганы аныкталган. Кийин аларга карата 305-берене (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 125-берене (мыйзамсыз түрдө эркинен ажыратуу) менен кылмыш иши козголгон. Ишти иликтөө үчүн УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, 2017-жылы 23-мартта Ош шаарында милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун жансыз денеси өзүнүн унаасынын ичинен табылган. Көп өтпөй кылмышка шектелип бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү: күйөөсү, аялы, алардын уулу жана үй ээсинин кайниси кармалган. Кийин аялы менен уулуна карата кылмыш иши кыскартылып, күйөөсү 23 жылга, анын кайниси 7 жылга эркинен ажыратылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shokoladka94
2018-04-02 15:48:15
Аялга алдары жеткен го, алсыздар!
+3
Nendi15
2018-04-02 18:32:47
кыныр иш кырк жылда да билинет да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан