Чүйдө жүк ташуучу унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп, ал окуя болгон жерде каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 1-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кумарык айылында саат 5:00дөр чамасында болгон.
Анда жөө жүргүнчүлөр өткөн атайын белгиден өтүп бара жаткан 44 жаштагы М.Н. аттуу жаранды "ГАЗ-53" унаасы менен 29 жаштагы Ж.Б. аттуу адам сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кийин айдоочу кармалып унаасы айып аянтчасына токтотулган. Ал эми айдоочу убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.