Жакында эле ырчы Айпери Кубик кызы турмушка чыгууга макулдугун бергенин, тойго даярданып жатканын билдирген. Ырчынын аймактардагы концерттик турнесин аяктап, жан шериги менен Египетке учуп кетишкен. Көрсө, түгөйлөр чет өлкөдө чакан үлпөт той өткөрүп, бал айында жүрүптүр. Бул тууралуу Айпери Кубик кызы SUPER.KG порталына билдирди.
"Негизи жолдошум февраль айында эле баш кошуу тууралуу сунуш киргизип, ата-энелерибиз жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгон. Мен макулдугумду бергенден кийин чогуу клип тарттырдык, аймактарга концерт койдум. Гастролдон келерим менен эле күтүүсүз белек жасап, көзүмдү таңып аэропортко алып барды. Кайда барарыбызды айткан жок. Египетке келгенден кийин дагы бир жолу колумду сурады. Мен макулдугумду берип, экөөбүздүн чакан үлпөт тоюбуз жолдошумдун бул жактагы тааныштары, араб улутундагы досторунун курчоосунда өттү. Азыр бал айында жүрөбүз", - дейт ал.
Ошондой эле ырчы айым жан шериги романтик экенин, күтүүсүз белектерди жасап, кубантып жатканын кошумчалады.