Кара-Сууда 12 жаштагы кызды унаа сүзүп, жабырлануучу ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Ош облусундагы бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 31-мартта катталган.
"Ош облусунун Кара-Суу шаарынын Ленин көчөсүндө16:30дар чамасында "Хундай портер" үлгүсүндөгү унаа 12 жаштагы З.Н. аттуу кызды сүзүп кеткен. Ал окуядан анча оор эмес жаракат алып, Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилген. Кийин унаа айып аянтчасына токтотулган, учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.