Мексиканын Халиско штатында атышуу болуп 9 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, атышуу кылмышкерлер менен Мексиканын полициясынын ортосунда Халостотитлан районунда орун алган. Полиция кызматкерлери иш мөөнөтүн өтөп жаткан учурда бир нече унаадан тартип сакчыларын көздөй ок чыгарылган, алар жооптук ок чыгарышкан. Натыйжада 8 кылмышкер жана 1 полиция кызматкери окуя болгон жерден каза болушкан.
Халиско кылмыштуу топтор уюшкан Мексиканын ири штаты болуп саналат. 2015-жылы кылмыштуу топтор аскердик тик учакты аткылоого алышып, 8 адам каза болгон. Андан соң унаа жолдордун биринде кайгуулда жүргөн полиция кызматкерлерине кол салып 15 кызматкер мерт болуп, анын ичинен бешөө жаракат алган. Бул Мексика полициясы үчүн соңку жылдардагы эң ири жоготуулардын бири болгон.