Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Интеррустрейд" жана "Полларис" ишканаларынын пайдасына мамлекеттик бюджеттен кошумча нарк салыгын мыйзамсыз кайтарып берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча коррупцияга айыпталып 2-апрелде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов кармалды. Учурда ал УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери башталды", - дешти басма сөз кызматынан.
Эске салсак, УКМК 2 жыл ичинде мамлекетке 217 миллион сом зыян келтирилген факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Салык жана бажы кызматында тинтүүлөрдү жүргүзгөн. Тактап айтканда, айрым юридикалык фирмалар Кытайдан импорттолгон товарларга кошумча нарк салыгын ашыкча төлөп алгандыгы тууралуу жалган документтерди жасап, салык органдарына берип турушкан.
Факты түрүндө кошумча нарк салыктары төлөндү делген товарлар ири соода комплекстердеги ишкерлерге тиешелүү болгон жана алар өздөрүнүн товарларын алып келүүдө бажы жана салык төлөмдөрүн толук түрдө төлөп келишкен. Коррупциялык схеманын негизинде ал юридикалык фирмалар 2016-жылдан 2018-жылдын башына чейин мамлекеттен 217 миллион сом каражатты мыйзамсыз кайтарып алышкан.