
Бишкекте 31-мартка караган түнү 29 жаштагы
Марат Айтимбетов кармалды. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Айтимбетовдун жанында жалпы салмагы 0,591 грамм психотроптук зат табылган.
"Аны тинтүүгө алган учурда 2 кутучада психотроптук заты табылган. Ал кутучаларды байпагына катып койгон. Табылган "АЛЬФА PVP" психотроптук заты өтө күчтүү зат болуп саналат. Учурда Айтимбетовго "баңги каражаттарын, эске таасир этүүчү заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, өткөрүү, пайдалануу, ташуу же жөнөтүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылууда", - дешти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, Марат Айтимбетов Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан мурдагы депутаты жана мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаеванын уулу экени белгилүү.