ЖЫЛНААМА, 3-АПРЕЛЬ: Комедиялык тасмаларда мыкты ролдорду жараткан Эдди Мёрфи 57 жашка чыкты

Атактуу америкалык актёр Эдди Мёрфи Нью-Йорк шаарында 1961-жылы 3-апрелде полиция кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган. Эдди 8 жашка чыкканда атасы жумуш учурунда кылмышкерлердин колунан каза тапкан. Мёрфини апасы менен өгөй атасы тарбиялаган.

Мёрфинин куудулдук жайы мектепте окуп жүргөн кезинен эле жакшы өнүгө баштаган. Ал 15 жашка чыкканда тамашакөйлүгүнүн аркасы менен көп акча табууга үлгүрөт, башкача айтканда, теледе "Алтынчы күнү кечинде" деген тамашалуу берүүнү алып бара баштайт.

Белгилүү боло баштаган Мёрфи алып баруучулук кесипке канааттанбай, өзүн актёрлук жактан да сынап көрүүнү чечип, эң алгач "48 саат" деген киного тартылат. Абакка отуруп, кылмыш дүйнөсүнө аралашкан, мыйзамды бузуп, бирок кийин көп жакшы иштерди аткарып элдин алкышын алган милициянын ролун комедия аралаш эң мыкты аткарган.

1982-жылы "Америкага саякат" ("Поездка в Америку") киносу да жогорку билими жок актёрго болуп көрбөгөндөй ийгиликтерди алып келет. Ушул учурдан кийин өгөй атасы менен апасы үчөөнүн ортосунда келишпестиктер пайда болуп, бул жагымсыз көрүнүш анын карьерасына да терс таасирин тийгизип, актёр чыгармачылыктан алыстап кеткен.
Жети жылдан кийин гана эл сүйгөн жылмаюу, бакырайган көздөрдүн кайрадан тасмаларда пайда болушу күйөрмандар үчүн жагымдуу жаңылык болгон. "Акылынан адашкан профессор" ("Чокнутый профессор") киносунда башкы каармандын ролун чагылдырып, жети жылдан бери жоготкон убактысын, солгундай түшкөн ысымын кайрадан жаңыртып, "Жылдын эң мыкты актёру" деп табылат.
Ал эми ал тартылган тасманы көрүүгө кинотеатрлардын эшигине чейин элдер тизилип, дээрлик бир жылга чейин өз популярдуулугун жоготпой келген. Ага удаа эле "Доктор Дулиттл" тасмасы жарык көрүп, күйөрмандар аны жылуу кабыл алышкан.
Мёрфи актриса Николь Митчелл менен 1993-жылы баш кошуп, 5 балалуу болушкан. Мындан сырткары, актёрдун Полетт Маккнили жана Тамара Гуд менен болгон сүйүү мамилелеринен улам 2 уулду болгон. Аялы менен ажырашкан соң актёр Мелани Браун менен мамиле куруп баштаган. Бирок бул мамилелер үй-бүлө курууга чейин жеткен эмес, ошентсе дагы актёр Браун экөө 1 кыздуу болгон. 2008-жылы продюсер Трейси Эдмондско үйлөнгөн, бирок түйгөлөр мамилелерин расмий каттаган эмес. 2012-жылдан тартып актёр модель Пейдж Бутчер менен сүйүү мамилесинде болуп, 2016-жылдын 3-майында 9-жолу ата статусуна ээ болуп Иззи Уна Мёрфи аттуу кыздуу болгон.
3-апрелдин жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан