Чүй облусунун Кант шаарында өспүрүмдөр арасындагы бокс боюнча Өлкө чемпиондору аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
"Аймактарды өнүктүрүү жылына" арналган мелдеште өлкө аймактарынан 214 спортчу катышты. Мелдеш 2002-2003-жылы төрөлгөндөр арасында өтүп, анда спортчулар 5 салмак категорияда медалдар үчүн күч сынашты.
Мелдештин жыйынтыгында, командалык эсепте 1-орунду Бишкек курама командасы жеңип алып, 7 алтын, 1 күмүш жана 4 коло медаль тагынышты. 2-орунду Чүй облусунун курамасы ээлесе, 3-орунду Ысык-Көл курамасы багындырды.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
42 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Айдарбек Ыдырысов (Жалал-Абад облусу);
2-орун: Фазлиддин Жураев (Ош облусу);
3-орун: Адилет Өмүров (Чүй облусу);
3-орун: Элдияр Темирбеков (Бишкек шаары).
44 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Анвар Хожиев (Бишкек шаары);
2-орун: Эржан Авенов (Ысык-Көл облусу);
3-орун: Айдар Келгенбаев (Ысык-Көл облусу);
3-орун: Бекжан Нурбек уулу (Нарын облусу).
46 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Бактыбек Садирбек уулу (Баткен облусу);
2-орун: Жасурбек Камилов (Жалал-Абад облусу);
3-орун: Жакшылык Тилек уулу (Ысык-Көл облусу);
3-орун: Ильяз Мырзабеков (Нарын облусу).
48 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Ихтияр Нышанов (Бишкек шаары);
2-орун: Эрлан Есенкулов (Чүй облусу);
3-орун: Илья Крымский (Чүй облусу);
3-орун: Бектур Жаркынбеков (Ош шаары).
50 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Нурболот Жыргалбеков (Ысык-Көл облусу);
2-орун: Максат Жусупов (Чүй облусу);
3-орун: Ырыскелди Эмилбек уулу (Нарын шаары);
3-орун: Жантөрө Ташиев (Ош облусу).
52 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Азис Сабиров (Чүй облусу);
2-орун: Аманкелди Омурзаков (Бишкек шаары);
3-орун: Азамат Эрмекбай уулу (Чүй облусу);
3-орун: Дастан Самудинов (Чүй облусу);
54 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Азат Кубатов (Бишкек шаары);
2-орун: Самат Женишбеков (Ысык-Көл облусу);
3-орун: Эрбол Асанкадыров (Бишкек шаары);
3-орун: Самандар Торохожаев (Ош облусу).
57 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Тойчубек Ильязов (Кант шаары);
2-орун: Аскат Култаев (Жалал-Абад облусу);
3-орун: Бахтияр Ахунбаев (Ысык-Көл облусу);
3-орун: Мавлон Алохожаев (Ош облусу).
60 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Сагын Сатыбалды уулу (Бишкек шаары);
2-орун: Азат Марат уулу (Талас облусу)
3-орун: Даниел Манияз уулу (Бишкек шаары);
3-орун: Асыл Мамбеталиев (Жалал-Абад облусу).
63 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Бакыт Токтосун уулу (Бишкек шаары);
2-орун: Ырыскелди Кутбердиев (Кант шаары);
3-орун: Нурсултан Дүйшөнбеков (Талас облусу);
3-орун: Атабек Шарип уулу (Ош шаары);
66 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Исламбек Тургунов (Ош шаары);
2-орун: Мухаммед Багиев (Чүй облусу);
3-орун: Дастан Жекшенов (Кант шаары)
3-орун: Нурсалим Курманбаев (Ысык-Көл облусу).
70 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Байгазы Малик уулу (Ош облусу);
2-орун: Мухамед Хиязов (Чүй облусу);
3-орун: Хожиакбар Бахадиров (Ош шаары);
3-орун: Эмир Акылбеков (Жалал-Абад облусу).
75 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Станислав Мишин (Бишкек шаары);
2-орун: Нурмухамед Батыров (Ош шаары);
3-орун: Адилхан Ниязов (Ысык-Көл облусу);
3-орун: Жоомарт Мокенов (Чүй облусу).
80 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Халит Алиев (Чүй облусу);
2-орун: Александр Дресвянников (Кант шаары);
3-орун: Гюнер Аксары (Жалал-Абад облусу);
3-орун: Нурдөөлөт Сүйүнтов (Талас облусу).
80 килограммдан жогору салмак ченинде:
1-орун: Адил Усенов (Бишкек шаары);
2-орун: Никита Коробкин (Чүй облусу);
3-орун: Уланбек Урматбеков (Ош облусу);
3-орун: Мирастан Мирлан уулу (Бишкек шаары).