Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекованы лицензиясынан ажыратуу боюнча шаардык соттун жеке аныктамасын жокко чыгарды. Бул тууралуу Чынара Жакупбекованын жардамчысы Марлен Керимкулов билдирди.
"Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаевдин ишин карап жатып Чынара Жакупбекованы жактоочулук лицензиясынан ажыратуу боюнча 2 жеке аныктама чыгарган. Анда бир жолу отурумга келбей койду деп, экинчиси Текебаевге дайындалган мамлекеттик жактоочу Элвира Чоноева менен жаңжалдашканы үчүн. Биринчи окуя боюнча Чынара эженин кызы ооруп, отурумду жылдыруу боюнча өтүнүч келтирсе албай коюп, эртеси отурумга келбеди деп жеке аныктама чыгарган. Экинчисинде болсо мамлекеттик жактоочу соттун өкүмү чыгып жаткан күнү Чынара эже экөө жаңжалдаша кетишкен. Сот залында тартип бузду деп анда да жеке аныктама чыгарган.
Негизи жеке аныктама берилгенден кийин ал Юстиция министрлигине жиберилет. Анын негизинде адвокатуранын этика боюнча комитети карап өзүнүн жыйынтыгын чыгарып берет. Эгер чындап жактоочунун аракеттери туура эмес деген чечим чыгарышса, ал Юстиция министрлигине жөнөтүлөт да анын негизинде адвокаттык лицензия жокко чыгарылат.
Бирок биз Жогорку Сотко Бишкек шаардык сотунун жеке аныктамасы мыйзамсыз деп кайрылганбыз. Бүгүн, 3-апрелде биздин өтүнүчүбүздү карап, Жогорку Сот канааттандырды", - дейт Керимкулов.