Олимпиаданын 8 жолку чемпиону, норвегиялык биатлончу Уле-Эйнар Бьёрндален бүгүн, 3-апрелде спорттук карьерасын жыйынтыктайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 44 жаштагы Бьёрндален тарыхтагы эң титулдуу биатлончу. Ал Олимпиада оюндарында 8 жолу чемпион, 4 күмүш жана 1 коло медаль жеңип алган. Ошондой эле Бьёрндален биатлон боюнча Дүйнөлүк чемпиондуктарда 20 алтын, 14 күмүш жана 11 коло медаль тагынган.
Уле-Эйнар Бьёрндалендин спорттук карьерасын жыйынтыктоо тууралуу маалымат жыйын бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө өтөт.