Өзбекстандан Кыргыз жергесине аткезчилик менен пахта үрөнүн алып өтүп жаткан 8 адам кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 2-апрелде Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Өзбекстандан 59 мүшөк пахта үрөнүн аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган 8 адам кармалган. Алардын сегизи тең Кыргыз жарандары болушкан. Алдын ала маалыматтар боюнча аталган үрөндүн жалпы баасы 100 миң сомдон ашып түшөт. Кармалган үрөн Мамлекеттик чек ара кызматынын жергиликтүү бөлүмүнө жеткирилип, кармалган адамдарга айып пул салынган.