"Vogue" журналынын башкы бетине биринчи жолу хиджаб кийген модель чыгат

Улуу Британиянын "Vogue" журналынын 100 жылдык тарыхында биринчи жолу хиджаб кийген модель журналдын башкы бетине чыгат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, ал ислам динин тутунган 20 жаштагы кениялык модель Халима Аден. Журналдын май айында жарык көрө турган санында Халима Аденден сырткары дагы 8 модель биринчи бетке чыгат. Аталган журналдын башкы редактору Эдвард Эннинфул бул тууралуу өз оюн билдирген.

"Мындан бир канча жыл мурун журналдын башкы бетинен топ кыздардын сүрөтүн көрүү мүмкүн эмес болчу. Азыр мезгил өзгөрдү, андыктан аны менен кошо биз да өзгөрүшүбүз керек", - деген ал.

Белгилей кетсек, теги ганалык болгон лондондук дизайнер Эдвард Эннинфул 2017-жылдан бери "Vogue" журналында башкы редакторлук кызматты аркалайт. Ал келгенден бери журнал кара терилүү моделдер менен тыгыз иштешип баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nurgaz
2018-04-03 17:03:07
Муслима аялдар кобойо берсин, азыр европада мусулмандар кобойуп жатат.
+14
Mirlan27011987
2018-04-03 19:19:55
Негизи хиджабты аялдарын кызганган молдолору ойлоп тапкан Негизи хиджаб кыргыз аялдарынын кийими эмес. Туз журом деген адам динчил болбой эле, хиджаба оронуп чуулганбай эле, сакал остуруп фанат болбой эле туз журушот. Анан эле бейишке туп туз чыгасынар деп койсо эле хиджаба оронуп, сакал остуруп алышат.
-14
KyrgyzstanBishkek
2018-04-03 20:03:49
Mirlan27011987,
Мирлан мээси курттаган кой да сенен кененирээк ойлонот, Хиджапти молдолор же арабтар ойлоп тапкан эмес.
Кудайдын буюругу.
Араптардын салтында да болгон эмес динге чейин.
+8
zhaku2017
2018-04-03 22:15:23
KyrgyzstanBishkek,
Кудайындын "ме" деген уну угулбайт, берген колу корунбойт. Мусулман десе эле пакистан иран элдеринин маданиятын фанат тутуп кереги жок. Алардын диний фантазиялары биздин молдокелерибизден ашып тушот. Диний кийимдерди кийбей эле туз туура жашаса болот.
-9
jbolotov
2018-04-03 23:48:58
Mirlan27011987,оюна келгенди жазабербечи отуруп алып, Аллах Мухаммед пайгамбарга тушургон суродо айтылат аялдар оронуп журушу керек экенин.
+1
altun89
2018-04-03 20:59:08
жакшы жанылык экен
0
Zainidin96
2018-04-03 23:04:16
Анджелина жолиге окшошуп кетет экен
0
jbolotov
2018-04-03 23:45:55
Ии жакшынакай кыз экен. Биздин кыздаргада ыйман жетбей атат, мусулманбыз деп коюп каалагандай кийинишет. Динден окуш керек кайдан келдим, кайда барам? ким жаратты дегендей.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан