Режиссёр Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы менен Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Иранда өтө турган "Фадж" кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кыргызфильм студиясынан кабарлашты.
Маалым болгондой, фестиваль 19-апрелден 27-апрелге чейин Ирандын борбору Тегеранда өтөт. Фестивалдын негизги максаты Борбор Азиядагы таланттуу режиссёрлорду колдоп, жаңы жана сапаттуу тасмаларды коомчулукка жайылтуу.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган эки фильм тең бир канча Эл аралык кинофестивалдарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келген.