Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Куршаб айылында кой 5 козу тууду. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын окурманы "Элдик кабар" рубрикасына билдирди.
Анын айтымында, 5 козу тең чыйрак туулган. Баары дароо эле ордунан туруп, энесин эме баштаган.
"Койдун 5 козу туугандыгы баарыбыз үчүн таң калычтуу. Эң башкысы өзү да, козулары да аман. Айылдыктар буга чейин мындай көрүнүшкө күбө болбогондугун айтышууда", - деп жазат окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.