Кыргызстандык бильярдчылар Дүйнөлүк чемпиондукка катышат
Кыргызстандык бильярдчылар Дүйнөлүк чемпиондукка
катышат. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясынын басма сөз кызматы
билдирди. Мелдеш бильярддын пирамида түрү боюнча 6-июлдан 9-июлга чейин Казакстандын Алматы
шаарында өтөт. Кыргызстандын намысын 5 спортчу коргойт.
Адардын арасында 2007-жылдын Дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев да бар.