Ырчы Cамара Каримова телесериалга тартылып жатат

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, көп кырдуу талант ээси Самара Каримова учурда кыргызча телесериалга тартылып жатат. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына өзү билдирди.

“Көпчүлүк билгендей, мен буга чейин ырчылыктан сырткары театрда да роль аткарам. Өзүмдүн кесибим актриса. Жакында эле “Илегилек” спектаклин Ош, Бишкек шаарларына коюп, Казакстанга чейин барып келдик. Ал эми чоң кинодо бул дебюттук ролум. Буга чейин деле киного тартылууга сунуштар түшкөн. Бирок балдарым кичинекей болгондуктан баш тарткам. Азыр балдарым бала бакчага барат. Улуу балам мектеп босогосун аттаганы жатат. Анын үстүнө жолдошум да каршы болгон жок. Акын Жыпара Исабаеванын “Адашкандар” романынын негизинде “Ак шоола” деген 30 сериялуу телесериал тартылып жатат. Сериалдын башкы каарманы Акшоола деген кабарчы кыздын ролун аткарып жатам", - дейт ал.

Аталган телесериалдын режиссёру Ырыс Окенова. Ошондой эле ырчы актёрдук курамда Кыргыз өлкөсүнө таанымал актёр, актрисалар бар экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
kechirmeni
2018-04-04 11:10:58
Ырысынар эч жакпайт да, кинолору бут тузу жок маанисиз
+10
fantomas
2018-04-04 11:16:37
Анжелика-2...

Аллергия!!!
+11
Aidan88
2018-04-04 15:01:31
fantomas,++++++
+5
Ferdews
2018-04-04 11:17:04
Адашкандарды куттуп окуучу элек,киносу кандай тартылат болду экен?
-2
Refiri87
2018-04-04 11:25:13
Этият болуп жур Эл алдында коз тийип екинчи Анжеликага айланба
+9
NURSAPAR
2018-04-04 11:58:40
Асан акам кызганбайбы. .....
+6
kechirmeni
2018-04-04 12:05:45
Асан ака аман болсун да, кызганбаган эркек бейишке кирбейт дейт эркек киши аз да болсо чеги менен кызганыш керек. Анан маданият искусство деп эле аялын бош коюп койгону жакшы эмес. Кара коргуло табиятта жаныбарлардын баары кызганат (короз, айгыр ж.б.), жалгыз чочко жаныбар гана кызганбайт экен
+13
mirlan15
2018-04-04 12:47:33
Кыргыздар пейили кенен !
0
aliya-leyla
2018-04-04 13:03:55
Самара десе эле бомбалап калдынар. Иштесе пиар болсо иштебесе дагы не. Иштеп атат балдарына да башкага да жетишип
-4
datkayimjan
2018-04-04 14:21:47
Сулуу актриса болуптур
-6
zhaku2017
2018-04-04 14:40:52
Кандай гана сулуулук
-5
Nevestkaa
2018-04-04 14:49:14
Кинодогу түгөйү жарашып калат экен,өзү теңдүүнү тандаса сопсонун болмок экен.
-2
Aidani
2018-04-04 16:17:51
Артистин жумушу ушул куйоосу эмнеге кызгансын колдоо корсоткону жакшы экен Асан жездебиздин, молодец Самара алга.
-3
Aidani
2018-04-04 16:18:58
Жыпар эженин ушул китебин ыйлап окуган элем, менин кумирим алга Жыпара эжем, сизден коп нерсени кутобуз
-2
Janna07
2018-04-04 22:31:56
Самашты бир адам суйбойтго тооба комментарийлерди окуп ушунчалык жаман аялбы деп ойлоп кетет экенсин
+3
mila6ka
2018-04-05 00:45:22
Самарадан башка актриса жок беле
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан