Бүгүн, 4-апрелде кыргыз эстрада ырчысы, обончу Ильяз Абдыразаковдун үй-бүлөсүндө наристе үнү жаңырды. Кубанычтуу кабарын ырчы SUPER.KG порталына өзү билдирди.
"Бүгүн эртең менен борбордогу төрөт үйүндө кызыбыз жарыкка келди. Төрөт кесарево жолу менен болду. Бирок эне-баланын абалы жакшы. Кызым 3 килограмм 300 грамм салмакта төрөлдү. Наристебиз төрөлө электе эле 2-3 ысым тандап койгонбуз. Азырынча бирөөсүнө токтоло элекпиз", - дейт ал. Наристенин өмүрү узун, ден соолугу бекем болсун дейбиз.
Белгилей кетсек, Ильяз Абдыразаковдун Розан жана Арлан деген уулдары бар.