Маалыматка ылайык, 31-март күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматына К.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда жабырлануучу андан Сокулук РИИБинин Р.Н. аттуу кызматкери опузалап акча алып жатканын айткан.
"Арыздануучунун унаасына баңгизатын таштап, опузалоо менен 35 миң сом пара алган. Кийин кылмыш ишин оң жакка чечип берем деп дагы 15 миң сом алып келүүсүн талап кылган. Ал 3-апрелде саат 19:00 чамасында Шопоков шаарынын Фрунзе көчөсүндө кармалган. Кармоо учурунда анын унаасынан атайын белги коюлган 15 миң сом табылган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Андан сырткары шектүүгө карата 313-берене (пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга жеткирилгенин кошумчалашты.