Бишкек шаарында 25 жаштагы адам чогуу спирттик ичимдиктерди ичип отурган адамды бычак менен сайып өлтүрүп койду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 1-апрелде саат 03:30дар чамасында болгон. Анда борбор калаадагы үйлөрдүн биринде спирттик ичимдигин ичип отурган эки жарандын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Натыйжада 25 жаштагы М.А. аттуу адам 34 жаштагы М.Ж. аттуу адамга бир нече ирет бычак сайып жиберген. Жаракат алган адам ошол жерден каза болгон.
Шектүүгө карата 97-берене (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, 2 айга камакка алынган.