Эл акыны Акбар Рыскулов Кемин районундагы Чымкоргон айылында 1953-жылдын 4-апрелинде туулган. 1975-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун "Ленинчил жаш" гезитинин редакциясында корректор болуп иштөө менен баштаган. Кийин котормочу, кабарчы, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орунбасары, ал эми 1986-жылы гезиттин редактору болуп иштеген.

1983-1986-жылдары Кыргыз мамлекетинин Жазуучулар союзунун башкармалыгынын аппаратында чыгармачыл жаштар менен иштөө боюнча адабий кеңешчи, "Ала-Тоо" журналында бөлүм башчы болгон. Ал эми 1987-жылы Кыргыз мамлекетинин Жазуучулар союзунун башкармалыгында катчы, 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси, 1993-жылдан "Кыргызкабар" мамлекеттик маалымат aгенттигинин директору, 1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы элчилигинин ишенимдүү өкүлү, 1996-жылдан атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси болуп 2001-жылдын августуна чейин иштеген. Андан кийин Кыргыз Республикасынын президентинин жардамчысы, 2004-жылдын мартынан Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы толук ыйгарымдуу элчиси болуп дайындалган.

Акбар Рыскуловдун "Көгүчкөндөр бийик учушат" аттуу биринчи поэтикалык жыйнагы 1975-жылы чыккан. Акын И.Мазнин, Л.Левчев, Хо Ши Минд, И.Гёте жана башкалардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Акындын "Мезгил жебеси" поэтикалык жыйнагы жана "Күрөө тамыр" поэмасы 1983-жылы республиканын Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон. Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланган. Рыскулов - "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" жана Казакстандын "Маданият кызматкери" наамдарынын ээси.

"Эриктүү заман тургузган чакта
Эмнеден элим түңүлгөн?
Кыргызды кудай кыргыздан сакта,
Ичинен ирип бүлүнгөн!", - деген ыр саптары бар акындын “Үмүт-күдүк” аттуу китеби, бүтүндөй бир доордо бизди тогуз толгонтуп, арыдан бери кетирген күдүк ойлор менен жаркын үмүттөрдүн, көкүрөктү зилдеткен атуулдук санаалар менен келечекке үмүт арттырган шоораттардын жана кыялдардын бул же тигил деңгээлде чагылдырылышы катары туюлат.
4-апрелдин жылнаамасы.