Чемпиондор Лигасы: "Ювентус" - "Реал" 0:3. Криштиану Роналдунун кооз голу "Ювентустун" күйөрмандарынын кол чабуусуна татыды

4-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык беттештери орун алды. Анда Турин шаарында жергиликтүү "Ювентус" өз талаасында "Реал Мадрид" командасын кабыл алды.

"Ювентустун" күйөрмандары Криштиану Роналдуга кол чапты...

"Ювентус" - "Реал Мадрид" - 0:3"

Голдор: Криштиану Роналду (3-мүнөт, 64-мүнөт), Марсело (72-мүнөт).

Италиянын чемпиону "Ювентус" Турин шаарында Чемпиондор Лигасынын 2 жылдан берки чемпиону "Реал Мадридди" кабыл алды. Бул беттешти "Реал Мадрид" ийгиликтүү чабуул менен баштады. 3-мүнөттө Иско баштаган чабуул Криштиану Роналдунун таамай соккусу менен жыйынтыктап, эсеп саны 0:1 болду. 1-таймдын жыйынтыгына чейин италиялык команданын оюнчулары бир топ курч чабуулдарды аткарышты, бирок таамай болбой эсеп 0:1 бойдон калды.

64-мүнөттө Криштиану Роналду кооз соккусу менен гол киргизгенге үлгүрдү. Оң канаттан чабуулду баштаган Карвахаль Криштиану Роналдуга топ көтөрүп берди, Роналду өзгөчө сокку менен гол киргизип, Буффонго топту тосууга мүмкүнчүлүк берген жок.

Бул голду көргөн "Реалдын" гана эмес, "Ювентустун" дагы күйөрмандары ордунан туруп кол чапты.

Мындан улам "Ювентус" эсепти тең кылганга үмүтүн жоготуп, 72-мүнөттө дагы бир гол өткөрүп жиберди. Марсело Криштиану Роналдунун пасынан улам Буффон менен бетме-бет кез келип, гол киргизгенге жетишти.

Муну менен "Реал Мадрид" конокто 0:3 эсеби менен жеңишке жетип, эми 10-апрелде "Ювентусту" өз талаасында кабыл алат.

Ювентус - Реал Мадрид (Чемпиондор Лигасы 2018)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (45)
aiba-889290
2018-04-04 13:42:13
Оюндун 3-минутасындагы гол менен Роналду дагы бир рекорд жанылады,бул ЛЧ да 10 оюнда катары менен гол киргизген жалгыз оюнчу.
2-голду кайталап коргондон тажабайсын,кооз гол болду.Ювентустун куйормандары кол чапты,а Рон ыраазычылыгын билдирди.Оюн жакшы болду,бугунку оюнда мыкты болот деп ойлойм.(ФАН БАРСЫ)
+13
kyrgyz.93
2018-04-04 14:00:39
Роналду манасты тартыпсын эркексин
+7
murat17
2018-04-04 21:00:54
kyrgyz.93,капкаяктагы ХХХХХ Манас атабызга тенебечи мен барсанын куйорманы эмесмин реал финалга чыгышына деле каршы эмесмин бар болгону мааниси жок эле создорду суйлоп доорубойлучу
-3
FCBMESSI
2018-04-04 14:01:24
Бүгүн Мессинин кооз голдоруна күбө болосунар.Барса чемпион
-8
madrid7000
2018-04-04 14:13:10
FCBMESSI, Барсамандар?Позитивдуу болгулачы сураныч.
+8
Azat.97
2018-04-04 14:20:28
FCBMESSI,Мессинин через себя тепкенин коро элекмин
+8
kanybek1986
2018-04-04 14:06:44
Мыкты гол роналдо алгаа соз жок
+6
Rasul94
2018-04-04 14:32:20
Роналдуну дуйно эли колдойт. мына кечиндеги факт.
кандай керемет оюнчулар тобу. Жашасын улуу Мадрид.
айта берсек соз коп .буйруса кечинде ысык чайдан ичип оюн коробуз.
+4
Rasul94
2018-04-04 14:34:09
баардык Реалдын куйормандарын чын журоктон куттуктайм.
+5
blaugrana.
2018-04-04 14:35:40
Realdyn fandary maktanganynardy ech koiboit ekensiner Ligany jenip algandai suiundunorgo
-7
madrid7000
2018-04-04 14:42:57
blaugrana.,Анан эмне ыйлайлыбы?
+3
Rasul94
2018-04-04 14:38:11
барсанын фанаттары бугун не доступен.кечээ Ювентуска жакшы эле жан тартышты бирок болбоду
+5
blaugrana.
2018-04-04 14:38:36
Barsanyn Fanatary suiundu jengeninerge Barsaga tuwup kaalar dep.Silerdi Barsa gana toktotot
0
Azat.97
2018-04-04 14:50:04
blaugrana.,Бизди токтото албай калды го эч ким.ПСЖ,Ювнтус дагы кайсы команда ыргыгысы келип жатат ЛЧ дон?
+6
Rasul94
2018-04-04 15:54:55
Azat.97,ха ха хааа молодец
+3
Isco22
2018-04-04 14:50:27
blaugrana.,уххихих аны да коро жатарбыз. Барса Лигада эле дивизиондо ойногон каяктагы эйбар депортиволорго 4 5тен гол киргизип кыйынсып атат. Международный аренада орду жок десек да болот.
+6
blaugrana.
2018-04-04 15:03:41
Isco22,koi antpe esinen chykan okwoit akyrky 10 -jylda Barsa Realdy kancha razrom menen utkanyn.Anan Liga chempiondo barsa echkim emes deisin 2011 bir este owondon beri tuwo elek biri-birine byiyl tuwuwun kalaim realga anan korobuz kim jenerin aldyn ala ooz koptur berbe
-4
Isco22
2018-04-04 15:14:18
blaugrana.,Женилет не болот женилет базар жлк женилет барса. Дагы деле женилет женилет
+3
Isco22
2018-04-04 14:54:22
blaugrana.,псж мн ойногондо уже реал ыргыйт дединер эле юве мн да ошенттинер эле. Эми дагы нени айтат экенсинер?
+5
blaugrana.
2018-04-04 15:19:22
Isco22,Koro jatarbyz
-2
Mir17
2018-04-04 16:05:10
Barca i Real Finalda gorushot buiursa
-3
Rasul94
2018-04-04 16:37:41
кечээги Реалдын оюну тарыхта эле калды.тапталган тулпарлардай чуркагандары керемет Реалдын баатырлары
+3
Ka4okrys
2018-04-04 16:59:37
5:0болмок Кроос менен Ковачич киргизгенде
+2
Rasul94
2018-04-04 20:02:52
Ka4okrys,туптуура соз.++++++++++++++
+3
Bale
2018-04-04 19:56:41
Кечээ Ювентус уйундо утулбайт деп жаткандар...дымы жокко.. же мака жединерби
+4
Rasul94
2018-04-04 20:04:27
Bale,уялышса деле кирбесе керек. кечээ отоо ашыкча кеткен
+3
murat17
2018-04-04 21:05:11
Кечее Севилья 3-0го баварияны утат деген ХХХХ барбы севилян уттубу же Алга Бавария мюнхен
+1
Nurgazy80
2018-04-04 21:25:27
Керемет гол,комментатор айткандай сөз менен айтып жеткире албайсың. Негизи мен Буффонду колдогон болчум, карьерасын ийгиликтүү аяктасын деп жан тартып жаткам. Бир стадион толтура Ювентустун күйөрмандары кол чаап жиберишти го,мына элдин маданияты жетишкенин ушундай болот
+1
Rasul94
2018-04-04 22:28:18
Nurgazy80,буфонго 2-гол киргенде боорум ооруду.жашы откондон кийин уйдо эле отурса болмок экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан